Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Тоолуу Карабак сүйлөшүүсүнө Путин ортомчу болот


Азербайжан жана Армения лидерлери Тоолуу Карабак жаңжалын Владимир Путиндин ортомчулугу менен сүйлөшөт. Үч президенттин сүйлөшүүсү 20-июнда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болору кабарланды.

Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжан президенти Илхам Алиев жана Армения президенти Серж Саргсян менен апрелдин башында Тоолуу Карабакта кыска убакытка созулган кандуу атышуудан кийин экинчи ирет жолу жолугушууда.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөр жеңил болбосун 20-июнда билдирип, анын башкы максаты согуш отунун кайра тутанышына жол бербөө деп атады. Алиев жана Саргсян май айында Венада жолугушкан.

Армяндар көп жашаган Азербайжандын курамындагы Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башында эгемендүүлүгүн жарыялаган. Аны Армения колдоп чыккан. Азербайжан аймакты көзөмөлүнө алууну көздөйт. (AiT)

XS
SM
MD
LG