Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Качкындар: Кайда барба, Мамайдын көрү...


Грециядагы качкындар.
Грециядагы качкындар.

Куралдуу чыр-чатактын айынан жер которууга аргасыз болгондор саны өткөн жылы рекорддук көрсөткүчкө жетти. БУУнун Качкындар башкармалыгы Сирия жана Ооганстандан, дагы башка канабайрамдардан кара башын калкалап 2015-жылы 65 миллион ашуун киши көчө качканын билдирди.

Өткөн жылы качкындар саны тарыхта болуп көрбөгөн чекке жетип, 65 миллиондон ашты. Бирок алар башпаана тапкан жерлерин деле абат деп айтуу кыйын.

Акыркы күндөрү Сириядагы куралдуу чатак токтобой, кайра күчөгөндөй. Ансайын тынч жай издеп мекенинен безгендер саны арбып баратат. Аларга сыртта тынчтык эле болгону болбосо, тамак жеп, уктаганга ыңгайлуу жай, киерге бүтүн кийим табылышы кыйын.

Маселен, Ливанда жашаган миллиондон ашуун сириялык качкындын абалы начарлоодо. Андагылардын айтымында, күнүмдүк көр оокат түйшүгү, тамак таап жеген оор ишке айланууда. Сириялык качкын келин Умм Ала:

- Абалыбыз мышык ыйлагыдай. Жуунуучу жайдан суу кетпейт, канализация түтүктөрү толуп калган. Балдардын баары ооруйт, дем алуу органдары жабыркаган. Бул аз келгенсип отурган чатырыбыздын ижарасын төлөгөнгө акчабыз жок. Үч-төрт айдыкын бере албай, карыздарыбыз үйүлүп, 200-300 долларга жетип калат. Буга кошул-ташыл кир болгонуна карабастан, сууну да сатып ичебиз.

Жагдайга көз салып турган Улуттар Уюмунун качкындар башкармалыгынын Ливандагы өкүлү Мирель Жерар анын айткандарын бышыктайт:

- Абал жакшырбай эле, начарлагандан начарлап барат. Көпчүлүгү алты жылдан бери качып жүрүшөт. Бул аралыкта жыйган-тергенин сарптап бүтүштү. Зарыл чыгымдары оголе көп: бала-бакырасын багып, кийим алышы керек. Балдарына дары-дармек зарыл. Бул күнүмдүк чыгымдарды үнөмдөсө да каражаттары жетпей жатат. Гуманитардык жардам айрым гана керектөөлөрүн жабат.

Мирель Жерар качкындар Сирияда абал тынчып баратканына үмүткөр экенин айтып, жакын арада жагдай жакшы жагына ообосо качкындар туруктуу башпаана тапкыча такай жардам берип туруу зарылдыгын белгилейт.

Бул арада Улуттар Уюму күн сайын, минутасына 24 киши тынч жай издеп, орун которууга аргасыз болгонун билдирүүдө. БУУнун Качкындар башкармалыгынын башкы комиссары Филиппо Гранди алардын жалпы саны рекорддук көрсөткүчкө жеткенин айтууда:

- Тилекке каршы, жер которгондордун саны өткөн жылы 10% көбөйүп, 65 миллионго жетти. Алардын үчтөн экиси өз мекенинде жер которууга аргасыз болгондор. Үчтөн бири качкындар. Качкындардын жарымы балдар. Алардын 90% кирешеси чектелүү же жарды мамлекеттерде турушат. Бул сандардын ар бири кооптуу. Ошон үчүн бул маселени биз чечишибиз керек.

Женевада жайгашкан уюмдун Качкындар башкармалыгы Европа жана башка өлкөлөрдүн лидерлерине кайрылып, адамдарды үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз кылган согуштарды токтотууга көбүрөөк салым кошууга чакырды.

Узак жол, деңиз аркылуу сүзүп өтүп, кайыгы оодарылып чөккөндөн калганы Европаны акмалоодо. Алар Греция, Македония чек араларында дале топтолуп турушат.

Бул арада Түркия-Евробиримдик ортосундагы качкындарды жайгаштыруу келишими дээрлик ишке аша элек. Ал эми Евробиримдик өлкөлөрүнүн эң муктаж 160 миң качкынды бөлүп алуу убадалары да азырынча сөз жүзүндө гана калууда.

XS
SM
MD
LG