2015-жылы дүйнөнүн ар кайсыл жеринде болуп жаткан уруштардан улам 65 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 6 миллионго көп.
Бириккен улуттар уюмунун Качкындар иштери боюнча агенттиги билдиргиндей, 65 миллиондон ашуун адамдын үчтөн бири качкындар. Калгандары мажбурлап башка жакка көчүрүлгөндөр.
Агенттиктин эсебинде дүйнөдө ар бир 113-адам качкын. Алардын көбү Сирия, Ооганстан жана Сомали тургундары.
Бозгундардын басымдуу бөлүгү Европадан, анын арасында Швеция жана Германиядан көбүрөөк башпаанек алып жатышат.
Дүйнөдө жыл сайын 20-июнь – Качкындар күнү катары белгиленет. (SE)