Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Кыргызстанда жылына миңдей наристе балдар үйүнө берилет


Кыргызстанда жыл сайын миңдей наристе интернатка жана балдар үйлөрүнө берилет. Азыр интернаттык мекемелерде тарбияланып жаткан наристелердин жана өспүрүмдөрдүн саны 20 миңден ашат. Бул тууралуу “Биздин үн” жана “Оэйсис” коомдук бирикмеси тараткан маалыматта айтылат. Адистердин байкоосуна ылайык, андай балдардын 88 пайызынын ата-энеси бар.

Бүгүн Бишкек шаарындагы "Золотой дракон" отелинде балдар үйлөрүнүн жана интернат тибиндеги мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн келечегин, мүмкүнчүлүктөрүн талдаган "тегерек үстөл" болот. Аны жогоруда аталган эки коомдук бирикме уюштурууда. Талкууда социалдык мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн реалдуу макамын аныктап, укуктарын коргоодо коомдун жана мамлекеттин ролун кеңейтүү маселеси ортого салынат.

Балдарга кайдыгер болбоого чакырган долбоор USAID жана DFID уюмдары каржылаган “Биргелешип башкаруу” программасынын алкагында ишке ашууда. (SE)

XS
SM
MD
LG