Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Аксыда чагылгандан 145 кой кырылганы аныкталды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Аксы районунда чагылгандан 120 эмес,145 кой кырылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 16-июнда эки чабан Шамалдуу-Сай шаарчасынын тургундарынын 600 баш коюн жайлоого айдап баратышканда ташка чагылган түшкөн. 145 баш кой зоодон учуп өлгөн. Анын 30у белгисиз болууда.

Чабандар табылган жандыктарды союп, 17-июнда ээлерине ошол жерден таркатып берген, калгандарын андан ары айдап кетишкен. Мамлекеттик органдарга маалымат беришкен эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG