Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Чек ара боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгат


Кыргызстанда чек ара маселесин чечүү үчүн атайын мыйзам долбоору иштелип чыгат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 21-июнда парламенттин тармактык комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Эл өкүлдөрү чек ара маселесине бир адам жооптуу болушу керектигин жана ал өкмөт алмашса да ордунда калуусу зарылдыгын айтышты.

Премьер-министр бул сунушту колдоп, өкмөттүн курамынын отставкасы чек арага жооптуу аткаминерге тиешелүү болбошу үчүн өзүнчө мыйзам кабыл алуу керектигин белгиледи.

Азыркы мыйзам боюнча өкмөт отставкага бүт курамы менен кетүүгө тийиш. (NT)

XS
SM
MD
LG