Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Трамп үгүт иштерин жүргүзчү жардамчысын бошотту


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенттигине талапкерликке умтулгандардын бири, республикачы Дональд Трамп үгүт кампаниясындагы менежери Кори Левандовскини иштен бошотту.

Левандовски Трампка өлкө боюнча праймериздерди утууга жардам берген. Анын четтетилишин Трамптын кайра ишке алынган кеңешчилери менен тил табыша албай калганына байланыштырууда. Маселе Трамптын беделин арттыруудан чыкканы айтылат.

Федералдык маалыматтарга караганда, Трамп июндун башында үгүт кампаниясына абдан аз акча чогулткан. Ал эми анын атаандашы демократтардан талапкерликке чыгары күтүлгөн Хиллари Клинтон 42 млн доллар жыйнаган. Мындан мурдагы эсептерде да Клинтон алдыда келет.

АКШдагы президенттик шайлоо 2016-жылдын 8-ноябрына белгиленген.

XS
SM
MD
LG