Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Депутат Мээрбек Мискенбаевди мандаттан ажыратуу талабы айтылды


 Мээрбек Мискенбаев
Мээрбек Мискенбаев

Өзүн «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөсү деп тааныштырган Марипа Алыкулова аталган уюмдун ишмердигин текшерүүнү укук коргоо органдарынан өтүнүүдө. 21-июнда ал Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси, КСДП фракциясынан депутат Мээрбек Мискенбаевди мандаттан ажыратууну талап кылды.

Анын айтымында, «Кыргыз көмүр» ишканасы апрель окуясында жабыркагандарга жардам берүү үчүн аталган биримдикке 2,3 миллион сом бөлүп берген. Бирок төрага, азыркы депутат Мээрбек Мискенбаев акчаны өз кызыкчылыгы үчүн колдонгонун, мындай каражаттар көп эле бөлүнгөнү менен дайыны көрүнбөгөнүн айтып чыкты.

Марипа Алыкулова айрым апрель баатырлары менен биргеликте бул боюнча УКМКга арыз жазышканын кошумчалады.

Мискенбаев "Айкөл Ала-Тоо" уюмунда орун басар кызматына өз туугандарын коюп алганы, жабыркагандар тийиштүү жардам жана колдоо ала албай жатканы да айтылды.

Депутат Мээрбек Мискенбаев болсо жогоруда айтылгандар негизсиз экенин "Азаттык" үналгысына маалымдады. Ал кошумчалагандай, нааразы болуп жаткандар буга чейин ар кандай "интрига" уюштургандыктан "Айкөл Ала-Тоо" биримдигинен чыгарылган.

Апрель окуясында жабыркагандардан түзүлгөн "Айкөл Ала-Тоо" уюмуна 500дөн ашык адам мүчө. (NT)

XS
SM
MD
LG