Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Баткен: медреселерде окуган кыздардын болочогу талкууланды


Баткенде “Стимул” коомдук фондунун демилгеси менен Жогорку Кеңеш депутаттары, жергиликтүү бийлик, дин өкүлдөрү жана медреселерде билим алып жаткан кыздар катышкан талкуу болуп өттү. Анда жалпы жана кесиптик билим берүү, диний билим алган кыздардын коомдогу орду тууралуу сөз болду. Кыздардын диний билими тууралуу берилген күбөлүктөрдүн жарактуулугу, алардын лидерлик жана чечендик сапаттарын жогорулатуу, орто мектептерде диний сабактарды киргизүү маселелери да көтөрүлдү. Жыйынга катышкан депутат Чолпон Султанбекова эки жылдан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай жаткан орто мектептердеги диний сабактарды киргизүү маселеси боюнча учурда атайын даярдыктан өткөн адистер, аларды даярдоочу мекемелер, бирдиктүү программалар иштелип бүтпөгөнүн, мектептер үчүн кошумча каражат маселеси да чечиле электигин билдирди.

Баткен облусунда жалпысынан тогуз медресе иш алып барат. Анда 400 бала диний билим алса, анын 315и кыздар. (JsA)

XS
SM
MD
LG