Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Карелия көзөмөл кызматынын башчысы камакка алынды


Курман болгондорду эскерүү.
Курман болгондорду эскерүү.

Карелия көзөмөл кызматынын жетекчиси Анатолий Коваленко Сямозеродогу 14 өспүрүмдүн өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу кармалды.

Тергөө комитети ага “Парк-отель Сямозеро” компаниясы менен келишим түзүүдө шалаакылык кылган деп айып такты.

Коваленко жана анын кол алдындагылар “Парк-отель Сямозеронун” көптөгөн мыйзам бузууларына көз жуумп, ишмердигин узартышына шарт түзүшкөнү үчүн айыпталууда.

Тергөөчүлөр компаниянын жетекчиси Елена Решетованы, анын орун басары Вадим Виноградовду жана балдар лагеринин инструктору Валерий Круподерщиковду камоону сунуш кылышты.

18-июнда 47 окуучу жана балдардын “Парк-отель Сямозеро” лагеринен төрт инструктор эки кайык жана үйлөмө кайык менен көлгө саякатка чыгышкан. Бороон-чапкында кайыктар оодарылып, балдар жээкке сүзүп жөнөшкөн. Суунун өтө муздактыгынан жана ири толкундардан улам 14 бала мерт болушкан.

Кырсыктан кийин Балдар лагери жабылды. Дүйшөмбүдө кырсыкка байланыштуу Москва менен Карелияда аза күтүү жарыяланды.

XS
SM
MD
LG