Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

АКШ: курал сатууну чектөө чаралары колдоо тапкан жок


Өткөн жумада Орландо шаарындагы кумсалар клубуна куралчан адам чабуул коюп, 49 адам набыт болгон.
Өткөн жумада Орландо шаарындагы кумсалар клубуна куралчан адам чабуул коюп, 49 адам набыт болгон.

АКШ сенаты терроризмге каршы күрөштү күчөтүүнүн алкагында, өлкөдө курал сатууну чектөө чараларын четке какты.

Кеп Демократтар менен Республикачылар экиден сунуштаган төрт долбоор жөнүндө болууда. Анда курал сатып алуучуларды текшерүүнү күчөтүү каралган. Бирок бул сунуш зарыл болгон 60 добушту топтой албады.

Республикачылар Демократтардын долбоорлорунда тыюу салуулар оголе көп, курал алып жүрүү боюнча конституциялык укукту бузат десе, Демократтар Республикачылардын мыйзамын “өтө бошоң” деп жактырышпады.

Өткөн жумада Орландо шаарындагы кумсалар клубуна куралчан адам чабуул коюп, 49 адам набыт болгон. 50дөн ашыгы жаракат алган. Кол салган ооган тектүү АКШ жараны полиция менен атышууда өлтүрүлгөн. Ал кылмышка же “Ислам мамлекети” террордук тобуна жан тартканы үчүн, же гомофобиялык сезимден улам барышы ыктымал деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG