Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:44

АКШ Ирактын Фаллужа шаары жоочулардан толук бошотула электигин билдирди


Фаллужа шаарындагы мечит.
Фаллужа шаарындагы мечит.

АКШ аскерий жетекчилиги Ирак армиясы Фаллужа шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринен толук бошото электигин маалымдады. Террордук топко каршы түзүлгөн эл аралык коалициянын басма сөз катчысы, полковник Кристофер Гравер 21-июнда билдиргендей, калаанын түштүк бөлүгү гана тазаланды.

17-июнда Ирак армиясы Фаллужа шаарынын административдик имаратына өлкө байрагын орноткон. Андан соң өкмөт башчы Хайдар ал-Абади калаа жоочулардан дээрлик бошотулганын, бир-эки саат ичинде согушкерлер жок кылынарын айткан болчу. Андан бери шаардын түндүк бөлүгүндө өкмөт күчтөрү менен согушкерлердин тиреши уланууда.

Фаллужа шаары 2014-жылы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун көзөмөлүнө өткөн болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG