Ош шаарында 21-июнда он жана он үч жаштагы эки бала Ак-Буура дарыясына агып кеткен. Алар бир туугандар - Азамжан жана Абдулла Амракулов экени аныкталды. Биринин сөөгүн туугандары Өзбекстан менен чек арадан таап чыгышкан. Анын инисинин денеси Өзбекстандын аймагынан табылды. Баланын денесин Кыргызстанга өткөрүү аракеттери жүрүп жатат. (NT)