Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Кызытма колдонбогон орус спортчулары Эл аралык сотко кайрылышат


Шыргый менен секирүүдө Олимп оюндарынын чемпиону Елена Исинбаева Рио-де-Жанейро оюндарына катышууга тыюу салынган чечимди жокко чыгаруу үчүн Эл аралык сотко кайрыларын билдирди.

Эл аралык Олимпиада комитети допинг колдонбогонун далилдей албаган орус спортчулары оюндардан четтетилерин 21-июнда маалымдаган. Исинбаева сот аркылуу укугун калыбына келтирип, Орусиянын желеги менен мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алууга үмүттөнөрүн 21-июнда Чебоксары шаарында билдирди.

Орусиянын Олимпиада комитетинин төрагасы Александр Жуков Орусиянын көпчүлүк жеңил атлетчилери Эл аралык сотко кайрылып, Олимпиада оюндарына катышуу укугун калыбына келтирүүгө аракеттенерин ырастады. (AiT)

XS
SM
MD
LG