Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Мамлекеттик Думанын акыркы жыйынына Владимир Путин катышат


Мамлекеттик Дума.
Мамлекеттик Дума.

22-июнда өтө турган жыйында президент Владимир Путин сөз сүйлөйт. Бул беш жылга шайланган Мамлекеттик Думанын азыркы курамынын акыркы жыйыны болуп калмакчы. 22-июнда акыркы сессия болгон менен депутаттардын ыйгарым укуктары сентябрь айына чейин созулат.

Орусияда парламенттик шайлоо 4-декабрга белгиленген болчу. Бирок ал 18-сентябрга которулган. 450 орундуу Мамлекеттик Дума үчүн күрөшкө бийликтин "Бүтүн Орусия" партиясын өкмөт башчы Дмитрий Медведев жетектеп барат. Азыркы кезде бул партиянын 238 депутаты бар. Коммунисттик партиянын 92, "Адилеттүү Орусиянын" 64 мандаты, ал эми ЛДПРдин 56 депутаты бар. (AiT)

XS
SM
MD
LG