Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Германиянын Тышкы иштер министри Орусия менен кепке келүүгө чакырды


Франк-Вальтер Штайнмайер.
Франк-Вальтер Штайнмайер.

Министр Франк-Вальтер Штайнмайер Европа кайрадан бөлүнүү коркунучу алдында калганын жана “Европадагы тынчтыкты кадимки болуп келген көрүнүш” катары эсептеш кыйын экенин эскертти. Немис министри ошондой эле НАТО менен Орусияны аскердик конфронтацияга барбай, сөзгө келүүгө чакырды.

Штайнмайердин 22-июнда жарыяланган пикиринде Крымды аннексиялоо маселесине токтолуп, “эл аралык нормаларды бузуу менен чек араны бир жактуу түрдө өзгөртүү, аймактык бүтүндүктү сыйлабоо биз чыктык, кайрылып келбейбиз деген мезгилдерге алып келди”, деп белгилеген.

18-июнда Штайнмайер НАТОнун Чыгыш Европадагы аскердик машыгууларына карата пикирин билдирип, Түндүк атлантикалык аскердик альянсты “согуш отун тутандырбоого” чакырды. Министр аскердик машыгууларды диалогго алмаштырууну сунуштады.

Штайнмайер Минск келишиминин аткарылышына жараша Европа биримдиги Орусиядан санкцияларды акырындап алыш керек, деп эсептейт. (AiT)

XS
SM
MD
LG