Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Парламент ЖМК мыйзам долбоорун кароого киришти


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкуулана баштады. Демилгечилердин бири Кожобек Рыспаев маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже алынды. Муну менен жогоркудай cунуш сөз эркиндигин чектейт деген сындар эске алынды. Рыспаев мыйзам долбоору "Азаттык", "Би-Би-Си" радиолоруна тиешеси жоктугун, телеканалдарга гана байланыштуу экенин кайталады.

21-июнда журналисттер, медиа уюмдардын жетекчилери, жарандык активисттер депутаттардан аталган мыйзам долбоорун артка кайтарып, чакыртып алууну талап кылышкан. Сунушталган өзгөртүүлөргө каршы резолюция кабыл алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG