Линктер

шейшемби, 23-январь, 2018 Бишкек убактысы 22:15

Өзбекстан баш калаасы Ташкен шаарында бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун эки күндүк саммити башталат. Анда аймактык коопсуздук маселеси талкууланып, президенттер 2025-жылга чейин уюмду өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу планы жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча документтерге кол коюшат. Саммит соңунда ШКУнун 15 жылдык декларациясы кабыл алынат.

Жыйында Пакистан менен Индияны уюмга толук кандуу мүчө болуу маселеси да каралат.

Саммитти чет элден келген 200дөй журналист чагылдырат. (SE)

XS
SM
MD
LG