Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Үч мамлекеттин оор атлетчилери Олимп оюндарына катышпай калышы ыктымал


Казакстандык оор атлетчи Илья Ильин 2008-жылдагы Бээжиндеги Олимп оюндарында да допинг колдонгону аныкталганы айтылган.
Казакстандык оор атлетчи Илья Ильин 2008-жылдагы Бээжиндеги Олимп оюндарында да допинг колдонгону аныкталганы айтылган.

Эл аралык оор атлетика федерациясы Орусия, Беларус жана казакстандык спортчулар Бразилияда августта өтчү Жайкы Олимп оюндарына катышпай калышы ыктымалдыгын билдирди. Аталган мамлекеттердин оор атлетчилери 2014-жылы Сочиде өткөн Кышкы Олимп оюндарына кызытма колдонуп катышканы допинг текшерүү маалында ачыкка чыкканы айтылууда.

Федерация канынан кызытма чыккан штангачыларды бир жылга мелдештерден четтетүү чечимин 22-июнда кабыл алды. Аларды Олимп оюндарына катыштырбоо же калтыруу маселеси боюнча корутундуну Эл аралык олимпиада комитети чыгарат.

Эгер спортчулар Олимп оюндарына катышуу укугунан ажыраса, бул Орусия үчүн экинчи жапырт дисквалификация болот. Өткөн жумада орусиялык жеңил атлетчилер допингден улам Олимп оюндарынан четтетилген.

XS
SM
MD
LG