Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Премьер-министр Баткендеги сел жүргөн аймактарды кыдырат


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 23-июнда Баткен облусуна иш сапар менен жөнөп кетти. Өкмөттүн басма сөз кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө Жээнбеков чек арага танапташ жайгашкан аймактарды кыдырат. Ошондой эле облустагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан иштер менен таанышат.

Баткенде өткөн аптадa сел жүргөн. Андан Баткен районунун Дара айыл аймагындагы ички жолдорго, суу кетүүчү арыктарга зыян келген. Ошондой эле трансформаторду жарактан чыгарып, Кан, Сары-Талаа жана Жаңырык айылдары убактылуу электр жарыгысыз калган эле. Ошондой эле аймакта катуу жаандан жана тоолордогу кардын эришинен дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, бир катар айылдарды сел каптаган. (NT)

XS
SM
MD
LG