Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Аксыда Үңкүр-Тоону коргоо комитети түзүлдү


Үңкүр-Тоо
Үңкүр-Тоо

Аксылык жарандык активист Шекербек Камчыбек уулу билдиргендей, Үңкүр-Тоону коргоо комитетине 21 адам кирди. Анын курамы райондогу айыл өкмөт, айыл башчыларынан, жергиликтүү тургундардан куралды. Демилгечилер мындай чечимге аталган тоого байланышкан маселе чечилбегени себеп болгонун жүйө келтиришүүдө. Аксы районундагы Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын радиорелейлик станциясы жайгашкан. Март айында жергиликтүү депутаттар аларга өкмөттөн бул станцияны көчүрүү тууралуу протокол келгенин, анда радиорелейлик мунара Өзбекстандын аймагында деп жазылганын, бирок эч убакта ал жер өзбек тараптыкы болбогонун айтышкан. Өкмөт да мындай токтом болбогонун билдирген.

Парламент бул маселени жабык карап, Башкы прокуратурага интернетте өкмөттүн протоколу деп тарап жаткан материалдардын чын-төгүнүн териштирүүнү тапшырган. Аталган орган өкмөт жыйынына катышкан кызмат адамдарын суракка алган. Алардын баары Аксыдагы Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагында жайгашкан деп жазылган токтом болбогонун билдиришкен.

Токтомдун түп нускасы табылбады деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон эмес.

Кербен шаардык кеңеши өкмөттүн суранычы боюнча 1-апрелдеги кезексиз сессиясында Ителги тоосунан кошумча станция курууга жер бөлүп берген болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG