Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Акыйкатчы Жогорку соттун Аскаровдун ишин кароо чечимин кубаттады


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Жогорку соттун укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу жаңы жагдайларды териштирүү чечимине оң баа берди. Анын пикиринде, бул аракет Кыргызстанда демократия бар экенин көрсөттү:

-БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечими Азимжан Аскаровдун күнөөсү жок дегенди түшүндүрбөйт. Анын чечиминде Аскаровдун күнөөсү бар же жоктугу айтылган эмес.Тергөөдө жана сотто процессуалдык эреже бузуулар болгону тууралуу кеп козголгон. Жогорку соттун жогорудагы жаңы жагдайларды териштирүүгө макул болгону - демократиянын белгиси. Ал эми 11-июлда баштала турган жараянда кандай өкүм чыгарылат, ал соттун иши. Иштин кайра карала турганы эле Кыргызстанда адам укуктары демократия, адам укугун сыйлоо бар экенинен кабар берүүдө.

Кыргызстандын Жогорку соту укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча ишти 11-июлда карайт. Маалыматка караганда, жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кароо чечими абактагы Азимжан Аскаровдун жана анын адвокатынын арызынан кийин кабыл алынды.

Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттери быйыл 20-апрелде Азимжан Аскаровду абактан бошотуп, аны айыптаган өкүмдү жокко чыгарууга, зарыл болсо жаңы соттук жараян жүргүзүүгө Кыргызстанды чакырган.

Жогорку сот эгерде Азимжан Аскаров арыз менен кайрылса, жаңы жагдайлар териштирилерин билдирген. Парламенттеги айрым депутаттар муну менен Аскаров бошотулбай турганын, Жогорку сот анын абакта кармалган шартын, процессуалдык мыйзам бузууларды карашы мүмкүндүгүн билдиришкен.

Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Аталган окуяда каза тапкан милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова Аскаровдун ишинин кайра каралышына каршы чыгып, зарыл болсо өзү да БУУга кайрыларын айтууда.

Азимжан Аскаров Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG