Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Пакистан: сопу ырчыны эскерүүгө келгендер көчөлөргө толду


Амжад Сабри
Амжад Сабри

23-июнда Пакистандын борбору Карачинин көчөлөрү белгилүү сопу музыканты Амжад Сабрини эскерүүгө келген миңдеген адамдарга толду.

Ибн-Сина көчөсүндөгү эскерүүгө сунниттер да шииттер да келишкен. Көпчүлүгү буркурап ыйлап, айрымдары Сабринин "каввали" стилиндеги ырларын ырдап атышты.

Полициянын маалыматына караганда, ырчы Эмжад Сабриге 22-июнда автомобилде бараткан кезде мотоциклчен белгисиз адамдар ок чыгарган. Анын жанындагы киши жарадар болгон.

Полиция теракт деген, бул кол салууну Талибан кыймылы моюнуна алган.

45 жаштагы Сабринин атасы, маркум Гулам Фарид Сабри да түбү сопучулукка, ислам мистицизмине барып такалган стилде ырдачу.

Диний талаптарды кынтыксыз аткарууну талап кылган талиптер сыяктуу уюмдар сопучулук салттарын кармагандарды динбезерлер катары баалашат. Сопулар буга чейин да чабуулдарга кабылып келген.

XS
SM
MD
LG