Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Ташкенде бүгүн ШКУ саммитинин негизги жыйыны башталат


ШКУ саммитине келген мамлекет башчылары.
ШКУ саммитине келген мамлекет башчылары.

Бүгүн Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн президенттери саммиттин негизги бөлүгүнө чогулушат.

23-июнда башталган саммитте аймактык коопсуздук жана Ооганстандагы учурдагы кырдаал талкууланары айтылган. Андан тышкары, Индия менен Пакистандын 2017-жыл ичинде уюмга кошулуусу талкууланат. Келечекте Иранды да уюмга мүчөлүккө алуу маселеси көтөрулүшү ыктымалдыгы кабарланган.

Учурда Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ооганстан, Беларус, Индия, Иран, Монголия жана Пакистан байкоочу макамына ээ.

23-июнда президенттер иш-чаранын маданий бөлүгүнө катышып, Ташкендеги форумдар сарайында өзбек өнөрпоздорунун концертин көрүштү. (SE)

XS
SM
MD
LG