Москва орус дипломаттарынын АКШда аракеттенүүсүнө чектөө коюлса, Орусиядагы америкалык дипломаттарга ушундай чара көрөрүн Вашингтонго эскертти.
23-июнь күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова АКШ сенаты карап жаткан мыйзам долбоору бир кездери совет дипломаттарына коюлган чектөөлөрдү эске саларын белгиледи.
Сенатка сунушталган мыйзам долбоорунда орусиялык дипломаттары ээлеген кызматына жараша, АКШда иштей баштаган үч ай аралыгында жумушунан 80 чакырымдан алыска чыкпашы керектиги жазылган. Белгиленген аймактан сыртка чыгуу үчүн федералдык тергөө бюросунан жазуу түрүндө уруксат алышы керек.
Бул долбоор АКШнын чалгын саясатын 2017-жылга карата аныктап берген мыйзамдын бир бөлүгү саналат. (SE)