27-28-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Өлкө аймагында 25-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градуска жогорулайт.
Бишкек шаарында 25-июнда күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 30…32 градуска чейин ысыйт.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 24-июнда эртең менен 18 градусту түздү.