Ош-Баткен-Исфана унаа жолундагы Көк-Талаа – Пүлгөн жол тилкеси 24-июнда ачылды. Ага Ош жана Баткен облустарында иш сапар менен жүргөн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты.
Аталган каттамдын 108 -123-чакырымындагы бул бөлүк Кадамжай районунун Көк-Талаа жана Пүлгөн айылдарын туташтырат. Коңшу Өзбекстандын аймагын айланып өтөт. (NT)