Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

"Өнүгүү-Прогресс" педофилдерди өлүм жазага тартууну колдойт


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы педофилдерди өлүм жазасына тартуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу фракция жетекчиси Бакыт Төрөбаев 24-июнда сегиз айдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарган жыйында билдирди. Анын айтымында, буга чейин “Күчтүү мамлекет - күчтүү үй-бүлө” балдарды коргоо уюму фракцияга жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөрдү катуу жазалоо боюнча 13 миңге чукул адамдын колу коюлган катты тапшырган. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы педофилдерди өлүм жазага өкүм кылуу сунушун колдойт жана бул боюнча Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү аракетине киришмекчи.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук, жаш балдарга карата жасалган кылмыш фактылары көбөйүп баратат. Өткөн жылы жашы жете электерге карата жасалган 1019 кылмыш катталса, анын 182си сексуалдык мүнөздө болгон. 74 бала зордуктоого кабылган. (NT)

XS
SM
MD
LG