Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Чолпон-Атада жумушчу орундардын жармаңкеси өтүүдө


Бүгүн Чолпон-Ата шаарынын борбордук бакчасында бош жумушчу орундардын жармаңкеси өттү. Анда 40 жумуш берүүчү компаниядан, пансионаттардан 500 орунга жармаңке жүрдү. Ага облус аймагынын бардык жеринен жумуш издегендер келүүдө. Борбор Азиядагы “Евразия” фондунун өкүлү Динара Мусабекова бул иш-чара жумушсуз жаштарды иш менен камсыз кылуу программасынын алкагында жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Биз Ысык-Көлдөн атайын бош жумуш орундарын издедик. Бош жумушчу орундар негизинен жайкы туристтик мезгилге ылайыктуу. Пансионат, эс алуучу жайлардагы тейлөө иштери. Бүгүнкү жармаңкеде жок дегенде 50 кишини жумуш менен камсыз кыла алабыз деп ишенебиз.

Жармаңкени өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү Туризм депарменти жана бир катар жеке ишканалар менен чогуу уюштурууда.(AsM)

XS
SM
MD
LG