Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Президенттин атынан ооз ачарлар болууда


24-июнда Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин атынан орозо кармагандар үчүн "ооз ачар" сый тамагы уюштурулду. Ысык-Көл облустук администрациясынын маалыматы боюнча сый тамакка облустун ар кайсы аймагынан орозо кармаган 200 киши чакырылды. Келгендерди облустагы өкмөттүн өкүлү Аскат Акибаев тосуп алды.

Ушундай эле президенттин атынан “ооз ачар” сый тамагы Нарында спикер Чыныбай Турсунбековдун катышуусунда, Кара-Балта шаарында президенттик аппарат башчысы Фарид Ниязовдун, Баткенде өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун, Таласта президенттин кеңешчиси Бусурманкул Табалдиевдин, Жалал-Абадда президенттин кеңешчиси Икрам Илмияновдун катышуусунда болуп өттү.

Коңшулаш Өзбекстанда Рамазан айында эл чогултуп, ооз ачтырууга тыюу салынган. Мурдагы жылдары кафе жана мечиттерде ифтарлык өткөрүүгө уруксат берилбесе, быйыл үйлөрдө уюштурууга да чектөө киргизилди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG