Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Бишкекте баңгиликке каршы иш-чара өтүүдө


Маңзат колдонгон адам
Маңзат колдонгон адам

Баңгиликке каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн утурлай Бишкекте “Бири-бирибизге жакын. Маңзаттан алыс” деген аталыштагы социалдык акция жүрүүдө. Аталган иш-чара БУУнун маңзатка каршы күрөш башкармалыгынын колдоосу менен өкмөттүн алдындагы маңзатка каршы күрөшүү агенттиги тарабынан уюштурулууда. Иш-чаранын алкагында 26-июнда Бишкектеги соода борборлорунун биринде шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда концерт болот.

Акция жаштардын жана элдин көңүлүн маңзаттын зыяндуулугуна бурууну көздөйт жана үй-бүлө, адамдык баалуулуктарды даңазалап, сергек жашоого үндөйт.

1987-жылs БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 26-июнь маңзат сатууга жана колдонууга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү деп жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG