27-июнда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16...+21, күндүз +22...+27,
Талас жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +21...+26,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +25...+30,
Баткен облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +24...+29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +17...+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Түнкүсүн +19...+21, күндүз +25...+27 градус болот.