Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

IWF казакстандык үч балбанды спорттон четтетти


Иллюстрация
Иллюстрация

Эл аралык оор атлетика федерациясы (IWF) казакстандык штангисттер Жасулан Кыдырбаевди, Алмаз Утешевди жана Ермек Омиртайды кызытма колдонгону үчүн спорттон четтетти.

Мурдараак алардын канынан тыюу салынган дегидрохлорметилтестостерон табылганы маалымдалган.

Омиртай менен Утешев төрт жылдан кийин мелдештерге чыкса болот. Ал эми экинчи ирет кызытма менен кармалганына байланыштуу Кадырбаевди сегиз жылга четтетишти.

2015-жылы Хьюстондогу чемпионатта Утешев күмүш, Кадырбаев коло уткан. Ал жеңиштер жокко чыгарылмай болду.

XS
SM
MD
LG