Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Түркия менен Израил ымаланы бекемдөөнү сүйлөшкөнү кабарланууда

Түркия-Израил желектери.
Түркия-Израил желектери.

Reuters агенттиги ишенимдүү булактарга таянып билдиргендей, тараптар Римде жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу толук маалымат азырынча айтыла элек.

2010-жылы Газа секторунда курчоодо калган палестиналыктарга гуманитардык жүк жеткирип бараткан ондогон түркиялык активисттер Израил аскерлеринин огунан каза тапкандан бери эки өлкөнүн мамилеси кескин сууп кеткен эле. Анкара Тель-Авив менен бардык кызматташтыкты токтотуп, элчисин чакыртып алган.

Өткөн апта соңундагы сүйлөшүүлөрдө Израил каза болгон түркиялыктардын үй-бүлөлөрүнө 20 миллион доллар компенсация берүүгө макул болгону кабарланууда. 

XS
SM
MD
LG