Линктер

жекшемби, 20-август, 2017 Бишкек убактысы 19:35

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында бүгүн аталган жолду реконструкциялоонун жүрүшү талкууланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун 35 чакырымын сентябрдагы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына чейин бүткөрүүнү буга чейин премьер-министр Транспорт жана байланыш министрлигине тапшырган. Каржы министрлиги 35 чакырымдын курулушун аягына чыгаруу үчүн каражат бөлгөн. Аталган каттамдын жалпы узундугу 104 чакырымга созулат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, долбоорду толук аяктоо үчүн 2,6 миллиард сом керектелет. (NT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG