Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Бир күн ичинде алты жер титирөө болду


Кыргызстандын чек ара аймактарында бир күн аралыгында алты жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдышарип Бекилов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 27-июнга караган түнү да жер титирөө кайталанды. Очогу Тажикстандын аймагында, Алай тоо кыркаларында, Нура айылынан 40 чакырым, Бор-Дөбө айылынан 30 чакырым алыстыкта жайгашты. Силкинүү күчү Бор-Дөбөдө 3 балл, Нурада 2,5 балл сезилди. Ушундай эле жер титирөө алгач 26-июнда саат 17лер чамасында катталып, күчү очогунда 6-7 баллга жеткен. Андан бери ошол эле аймакта жалпысынан алты жолу жер титирөө орун алды. Жабыркагандар, кыйроолор болгон жок. (NT)

XS
SM
MD
LG