Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Абдрахматов: Ош облусу сейсмикалык активдүү аймак болуп саналат


Канат Абдрахматов
Канат Абдрахматов

Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунда сейсмикалык активдүүлүк күчтүү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Сейсмология институтунун жер титирөө тууралуу болжолдорунун 70 пайыздан ашыгы туура чыгууда:

- Акыркы беш жылдагы болжолдор 75 пайызга так чыкты. Биз бул жылдын ичинде же 5-6 айдын аралыгында катуу силкинүү болушу мүмкүнбү деген суроого жооп бере албайбыз. Өнүккөн Жапония, АКШ деле муну так айта албайт. Орто эсеп менен алганда Кыргызстанда үч миңден беш миңге чейин майда жер титирөөлөр катталып турат. Анын алтымыш-жетимиш пайызы Ош облусуна туура келет. Ал эми бул аймакта Алай менен Чоң-Алай райондору сейсмикалык активдүү зоналар болуп саналат. 2008-жылы да Нурада жер титиреген. Азыркы силкинүү да Нурадан алыс эмес жерде орун алды. Ал жерде буга чейин да, азыр деле майда жер титирөөлөр болуп атат. Тескейден Памир тоолору кысылып келип, Тянь-Шанга кагылышып тектоникалык чыңалууну жаратат. Ал жер титирөө болуп бошоп кетет.

26-июнда Кыргызстан, Тажикстан жана Кытайдын чек арасында, Алай тоо кыркаларында очогунда 6-7 баллга жеткен силкинүү болду. Жер титирөө Ош облусунун аймагында 4-5 балл, Баткен облусунун аймагында 3,5-4 балл жана Нура айылында 6 баллды түзгөн. Нура айылы Кыргызстандагы сейсмикалык активдүү аймактардын катарына кирет. Маал-маалы менен 2 баллдан жогору жер титирөөлөр болуп турат. 2008-жылы 5-октябрда бул жерде күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши каза тапкан. (NT)

XS
SM
MD
LG