Мечит жана диний окуу жайлардын кызматкерлерин ишке алууда алардын психикалык саламаттыгын дыкат текшерип, мурда соттолбогону, экстремисттик идеяларга берилбегенин тактоо зарыл. Бул тууралуу теолог Кадыр Маликов бачабаздыкка шектелген имамдын окуясына байланыштуу пикирин билдирип айтты.
Маликов кылмышка шектүү имам боюнча диний ишмерлер эч кандай реакция жасабай жатканын да белгилөөдө.
Өткөн аптада Сузакта Ат-Чабар айылынын 58 жаштагы имамы 10 жаштагы баланы зордуктап жүргөн деген шек менен камакка алынды. (RK)