Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

Ошто дагы жер титиреди


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн, 27-июнда саат 11:08де очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн очогу кыргыз-тажик чек арасындагы Алай тоо кыркаларында болду.

Жердин титиреши Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 4 балл, Кара-Киндикте 3,5, Нурада 3,5-4, Сары-Ташта 3,5 балл болуп сезилди. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

26-июнда кечинде ушул эле аймакта күчү очогунда 6-7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жабыркагандар, кыйроолор болгон жок.

Жалпысынан кечээтен бери бул жерде 8 жолу жер силкинди. (RK)

XS
SM
MD
LG