Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Ливандагы жардыруу алты адамдын өмүрүн алды


Сирия менен чектеш Каа айылындагы жардыруудан кийин. Ливия. 27-июнь,2016-жыл
Сирия менен чектеш Каа айылындагы жардыруудан кийин. Ливия. 27-июнь,2016-жыл

Ливандагы удаама-удаа жардыруулардан бери дегенде 6 киши мерт болуп, 13ү жаракат алды. Өлкө чыгышындагы Сирия менен чектеш Каа айылында эки жанкечти элдин арасында өздөрүн жардырышкан.

Бул тууралуу “Хезболла” тобунун "Аль-Манар" телеканалы кабарлады. Чабуул себептери жана уюштуруучулары тууралуу маалымат чыга элек.

Ливандагы дин аралык кырдаал коңшу Сириядагы жарандык согуштан улам чыңалгандан чыңалууда.

Ливанда жайгашкан “Хезболла” тобу Сирия жаңжалында президент Башар Асадды колдоп келет.

“Хезболла” АКШ, Британия жана бир катар өлкөлөрдө террористтик топ деп табылган.

XS
SM
MD
LG