Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Грузия уландарды армияга чакырууну токтотту


Грузиянын коргоо министри Тинатин Хидашели жашы жеткендерди армияга чакырууну токтотуу боюнча жарлыкка кол койду.

“Армияга күч менен алып келинген аскерлердин бизге кереги жок”, деген Хидашели мындан ары грузин армиясы келишимдик негизге өтөрүн билдирди.

“Арсенали” аскердик-аналитикалык журналынын башкы редакторунун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда грузин армиясынын 90% келишим негизинде алынгандардан, 10% чакырылгандардан турат.

Армияга чакыруу тыйылганы менен куралдуу күчтөрдүн башка бөлүмдөрүнө, мисалы, Мамлекеттик күзөт кызматына, ИИМдин айрым бөлүмдөрүнө чакыруу бар.

Бирок парламенттеги коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Ираклий Сесиашвили министрдин чечимин жоопкерчиликсиз мамиле катары баалап, грузин армиясы келишимдик системага өтүүгө даяр эмес экенин айтты.

XS
SM
MD
LG