Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Иракта мечиттин жанындагы жарылуудан 12 адамдын өмүрү кыйылды


Ирак.
Ирак.

Багдаддын четиндеги Абу-Грейб шаарындагы мечиттин жанында шейшембиге оогон түнү болгон жардырууда кеминде 12 адам набыт болуп, 30дан ашууну түрдүү жараат алды. Ирактын бийлиги кабарлагандай, жанкечтинин жардыруусу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

26-июнда Ирак өкмөтү өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун үстүнөн Фаллужа шаарында жеңишке жеткенин жарыялаган. Ошондон бери Багдад жана анын четиндеги аймактарда жарылуу боло элек эле.

Сунниттер көп отурукташкан аймактагы мечиттин жанында Орозо айында ооз ачарга эл чогулган учурда жардыруу болгон. Буга чейин "Ислам мамлекети" террордук тобу өз жактоочуларын Орозо айында чабуул жасоого чакырганы белгилүү. Мурда аталган топ Ирактагы шииттер көп жашаган райондорду бутага алып келген.

XS
SM
MD
LG