Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:09

Кыргызстан-Катар авиакаттамын ачуу сүйлөшүлдү

Катар
Катар

Катардын транспорт жана байланыш министри Яссим Саиф Ахмед Ал Сулати 27-июнда Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев менен жолукту. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна элчи Ниязалиев билдирди.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы кызматташууну тереңдеүү - транспорт жана коммуникация жаатында алака түзүү, эки борборду байланыштырган авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгү жана ар кандай деңгээлдеги делегациялардын иш сапарларын уюштуруу маселелери талкууланды. (BCh)

XS
SM
MD
LG