Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Бийликке ЖМК мыйзамын өзгөртпөө тууралуу кайрылуу жолдонду


Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынбашы керек, себеби алар "Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясына" жана ушу тапта иштелип жаткан "Маалымат саясатынын концепциясына каршы келет". Бүгүн Бишкекте журналисттер президентке жана парламентке ушундай кайрылуу жолдошту.

"Өзгөртүү киргизүү алдында алардын зарылдыгы менен керектигин кадиксиз далилдеп берчү изилдөө жүргүзүлгөн жок. Ошондуктан мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмө-негиздемеде статистикалык маалыматтар келтирилген эмес. Жергиликтүү маалымдоо каражаттары чын эле өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирилип жатса алар конкреттүү көрсөтүлушү зарыл болчу" деп айтылат кайрылууда.

Өткөн апта, 22-июнунда Жогорку Кеңеш пленардык жыйынында аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. ЖМКны негиздөө жана каржылоо жагынан айрым чектөөлөр киргени жатат. Авторлордун айтуусунда, бул өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун коргоо максатында демилгеленди.

Медиа-эксперттердин белгилешинче, мындай шартта биринчи кезекте "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG