Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Евробиримдиктин лидерлери Британиянын шаркеттен чыгуусун талкуулашат


Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Италиянын премьер-министри Маттео Ренци.
Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Италиянын премьер-министри Маттео Ренци.

Бүгүн, 28-июнда кечке маал Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде эки күндүк саммитке чогулат. Андагы башкы тема - Британияда өткөн референдумдун жыйынтыктары. Саммитте ошондой эле шаркеттин тышкы саясаты, миграциялык кризис жана экономикалык өнүгүүсү каралат. Бир күн мурда Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Италиянын премьер-министри Маттео Ренци биргелешкен билдирүү жасап, Европа мындан ары бирдиктүү бойдон кала берерин белгилешкен.

Үч лидер ошондой эле Британиянын биримдиктен чыгышы боюнча бардык сүйлөшүүлөр Лиссабон келишиминин 50-беренесинин алкагында гана жүргүзүлөрүн, андан башка расмий жолугушуулар болбостугун эскертишти.

Брюсселдеги саммитке Кэмерон да келет, ал башка 27 өлкөнүн лидерлери менен жолугат. Ал эми 29-июндагы сүйлөшүүлөргө Кэмерон катышпайт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 27-июнда жасаган билдирүүсүндө Евробиримдиктин лидерлерин Британияга өчөшүүдөн алыс болуп, бул суроого жоопкерчиликтүү жана стратегиялык жактан так мамиле жасоого чакырды.

23-июндагы референдумда Британия элинин 51% Евробиримдиктен чыгууну жактаган.

XS
SM
MD
LG