Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Көчмөндөр оюндарынын калыстары үчүн окуу өткөрүлдү


Көчмөндөр оюндарынын программасына кирген "Таяк тартышуу" эрежесин тааныштыруу. 25-июнь, 2016-ж.
Көчмөндөр оюндарынын программасына кирген "Таяк тартышуу" эрежесин тааныштыруу. 25-июнь, 2016-ж.

Көчмөндөр оюндарындагы мелдештердин калыстары үчүн семинар өткөрүлдү. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришкендей, эки күнгө созулган иш-чара “Кыргыз деңизи” санаторийинде өтүп, ага спорттун 23 түрү боюнча Кыргызстандын машыктыруучулары жана калыстары катышты. Окууларга Казакстан, Азербайжан жана Түркиядан да өкүлдөр келишкен. Семинардын теориялык бөлүгүндө катышуучуларга оюндардын эрежелери тууралуу тасма көрсөтүлүп, экинчи бөлүгүндө ар бир спорттун эрежелери түшүндүрүлдү.

Аталган семинар калыстардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилген чет элдик оюндардын эрежелери менен кыргыз калыстарын тааныштыруу максатында уюштурулган. Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификат тапшырылды.

Семинарга катышкан калыстардын тизмесин Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы бекиткен. Калыстардын тизмесин түзүүгө спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациялар көмөктөшкөн. (ECh)

XS
SM
MD
LG