Стамбулда болгон жардыруу учурунда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бары же жогу такталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Кечээ Стамбулдун Ататүрк аэропортундагы жардыруулардан, расмий маалымат боюнча, кеминде 36 адам мерт кетти. Ал эми бейрасмий кабарларга караганда, набыт болгондордун саны 50гө жетти. Жүздөй адам жараат алды. (RK)