Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

КУУнун жетекчилигине нааразылар пикет уюштурду


КУУ алдындагы пикет. 29.06.2016
КУУ алдындагы пикет. 29.06.2016

Кыргыз улуттук университетинин алдында ушу тапта 20дан ашуун адам катышкан нааразылык акциясы өтүп жатат. Алар окуу жайда болуп өткөн окутуучуларды конкурстук негизде тандоо жараянынын жыйынтыгына каршы экенин айтууда.

Педагогикалык факультеттин мурдагы деканы Рахат Сулайманова:

- Биздин кафедра боюнча 6 штаттык бирдикке 7 конкурсант талапкерлигин койгон. Арасында доценттик наамы барлардан экөөбүз гана болчубуз. Доценттиги да, кандидаттыгы да бар, рейтинг баллы эң жогору болуп туруп мен кечээ күнкү Окумуштуулар кеңешинде сынактан өтпөй калдым. Мага ректор сөз бербей койду. Кеңештин чечими кайра каралбасын айтты, - дейт.

Пикетчилер ректор жана администрация айрым кызматкерлерди негизсиз куугунтуктап жатканын айтышты.

Окуу жай жетекчилиги азырынча бул боюнча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG