Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Ататүрк аэропортунун иши толук калыбына келди


Ататүрк аэропортунун жардыруу жасалган бөлүгү. 28-июнь, 2016-жыл.
Ататүрк аэропортунун жардыруу жасалган бөлүгү. 28-июнь, 2016-жыл.

Ушул сааттарга карата “Түрк аба жолдорунун” жергиликтүү жана эл аралык каттамдары толук калыбына келгенин премьер-министр Бинали Йылдырым аэропорттон билдирди.

Мунун алдында СNN Түрк телеканалы кабарлагандай, аэропорттун кечээ кечиндеги бир нече жардыруудан жабыркаган терминалына да жүргүнчүлөр киргизиле баштаган.

Аягында өзүн-өзү жардырган үч жанкечтинин кечээ кечиндеги кол салууларынан 36 адам өлүп, 147 киши жаракат алды.

Түрк расмий өкүлдөрү билдиргендей, азыркыга чейин бир ирандык, бир украиналык жаран мерт болгону ырасталды.

Премьер-министр Бинали Йылдырымдын айтымында, алар кол салууну “Ислам мамлекети” тобунан көрүүдө.

Президент Режеп Тайып Эрдоган кандуу окуяны “күнөөсүз жарандарга” каршы “террордук акт” деп мүнөздөдү.

Улуттар уюму, Акүй, Германия жана башка өлкөлөр аэропортко жасалган кол салууну кескин айыпташты.

Былтыртан бери Түркиянын эки ири шаары - Анкара менен Стамбулда бир нече жардыруу болду. Алардын ичинен түрк коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнө каршы багытталган кол салуулар үчүн күрт согушкерлери жоопкерчилик алган. (UE)

XS
SM
MD
LG