Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Жогорку Кеңеш өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлерди жактырды


Жогорку Кеӊеш бүгүн өкмөттүн курамына киргизүү үчүн премьер-министр сунуштаган талапкерлерди карап, баарын жактырды.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аткаруу бийлигинин ишин оптималдаштыруу, натыйжалуулугун арттыруу максатында өкмөт түзүмүндө чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр кызмат орду ачылганын, эки министрлик кайра түзүлгөнүн, эки мамлекеттик комитет түзүлгөнүн айтып, алардын жетекчилигине талапкерлерди тааныштырды.

Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр, Турдуназир Бекбоев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Замирбек Айдаров транспорт жана жолдор министри, Дүйшөнбек Зилалиев мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы, Бакыт Шаршенбиев мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кызматына жактырылды.(RK)

XS
SM
MD
LG